Конго Демократиялык Республикасында Эбола илдетинин эң ири очогу катталды

Конго Демократиялык Республикасында Эбола вирусун жуктургандардын саны тездик менен өсүүдө. Өлкөнүн саламаттык сактоо органдарынын маалыматына ылайык, 1-августка карата Итури, Түндүк Киву, Түштүк Киву, Жогорку Уэле жана Чопо провинцияларында 3 миң 748 учур лабораториялык жактан тастыкталды.
Акыркы эки айда илдет өлкөнүн беш провинциясына жайылып, жалпысынан 49 аймакты камтыды. Алардын 33үндө эпидемия дагы эле активдүү бойдон калууда жана жаңы жуктуруу учурлары катталууда.
Эң оор кырдаал Итури провинциясында байкалууда. Бул аймакка бардык тастыкталган учурлардын 88 пайызы жана катталган өлүмдөрдүн 82,6 пайызы туура келет.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму азыркы эпидемия өлкөнүн тарыхындагы эң ири очокко айланганын билдирди. Ал 2018–2020-жылдардагы эпидемиянын көрсөткүчтөрүнөн ашып түштү. Ал кезде 3 миң 317 учур катталган.
Акыркы бир жуманын ичинде өлкөдө рекорддук көрсөткүч — 567 жаңы жуктуруу учуру жана 296 өлүм катталды. ДССУнун баамында, бул вирустун өзгөчө ылдам жайылып жатканын көрсөтөт.
БУУнун колдоосу менен Конгонун чыгышында Эболага каршы күрөшүү үчүн жаңы медициналык борборлор ачылууда. Итури провинциясынын борбору Буния шаарынын четиндеги ички жер которгондор лагеринде транзиттик борбор ишин баштады. Ал ооруну эрте аныктоого жана бейтаптарды дарылоо борборлоруна өз убагында жөнөтүүгө жардам берет.
Мындан тышкары, ушул аптада өлкөдө 100 орунга ылайыкталган Эболаны дарылоочу эң ири борбор ачылат.
ДССУ белгилегендей, куралдуу жаңжалдар жана калктын массалык көчүшү эпидемияга каршы күрөштү татаалдаштырууда. Учурда Итури провинциясында зомбулуктан качкан 270 миңге жакын адам убактылуу лагерлерде жашап жатат. Мындай шарттар оорунун андан ары тез жайылышына өбөлгө түзүүдө.
Өткөн жылдын аягынан бери эл аралык уюмдар Конго Демократиялык Республикасына тонна-тонна медициналык жардам жөнөтүп, саламаттык сактоо тутумунун мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнү улантууда. Бул аптада ДССУ жергиликтүү медиктерге кошумча 30 керебет жана 38 матрац тапшырды.