Жамгыр жаап, күн күркүрөшү күтүлөт: 20-июнга карата аба ырайыКыргызстанда жарандык алуу жана андан ажыроо эрежелери өзгөртүлдүБыйыл Ысык-Ата районунда жалпы 34,5 чакырым жол асфальтталатТокмокто айдоочулук күбөлүк үчүн практикалык сынак өтүүчү жайдын дареги өзгөрдүБишкекте баңгизат таратууга шектелген студент кармалдыБишкектин бир бөлүгүндө 23-июнда ичүүчү суу убактылуу токтотулат
Контрабанда: Энергетик ташып бараткан киши кармалды
16.09.2021 | 11:07
Баткен облусунун Кожом-Булак аймагынан Тажикстанды көздөй мыйзамсыз жүк ташып бара жаткан киши колго түштү. Бул туурасында Улуттук коопсуздук кызматынын Чек ара кызматынын маалымат кызматы билдирүү таратты.
Чек ара кызматкерлер Hyundai-Porter унаасы менен чек араны кезип өтүүгө аракет кылып жаткан жеринен 1985-жылы туулган Кыргызстандын жаранын колго түшүргөн. Анын унаасын текшерген маалда, 2 миң даана кутуча “Jaguar”энергетик суусундугун жүктөп бара жатканы аныкталган.
Ошол эле күнү дагы бир контрабанданын жолу аныкталган. Ушул эле облустун Мазар аймагынан 240 литр күйүүчү май жүктөп Тажикстанга алып бара жаткан жеринен чекарачылардын кылтагына илинген.
Учурда эки иш боюнча мыйзамсыз жүктөр алынып, тийиштүү мамлекеттик органдарга берилген.


Рубрики: Жаңылыктар, Коом