Орусияда кыргызстандык кармалды — жол кырсыгын жасаган деп шектелүүдө, каза болгондор бар

Екатеринбургда (Орусия) 10-июнда автобустун катышуусунда жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен төрт адам каза болду. Автобустун айдоочусу 49 жаштагы Кыргызстандын жараны экени аныкталды, деп билдирет КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы.
Орусиянын Свердлов облусу боюнча Тергөө комитетинин маалыматына караганда, автобустун айдоочусуна карата кылмыш иши козголду.
«Кыргызстандын Екатеринбургдагы Башкы консулдугу Орусиянын укук коргоо органдары менен кызматташып, кармалган жарандын жакындары менен байланышта болууда», — деп айтылат билдирүүдө.
Маселе ТИМдин жана Башкы консулдуктун көзөмөлүндө турат.
Орусиялык ЖМКлар Екатеринбургдун райондук соту шектүүнү 10-августка чейин камакка алганын белгилешет.
Шаардык Мамлекеттик автоинспекциянын акыркы маалыматтары боюнча, кырсыктын кесепетинен төрт адам, анын ичинде бир бала каза болуп, жабыркагандардын саны алтыга жетти.
Кыргызстандыкка жана унаа ээси болгон транспорттук компаниянын директоруна карата кылмыш иштери козголду: биринчисине жол кыймылынын эрежелерин бузуу, экинчисине коопсуздук талаптарына жооп бербеген кызматтарды көрсөтүү айыбы тагылууда.
«Тергөө автобустун айдоочусу светофордун тыюу салган белгисине карабай жолдун кесилишине чыгып кеткен, бул жеңил унаа менен кагылышууга жана андан кийин жөө жүргүнчүлөрдү сүзүүгө алып келген деген жыйынтыкка келди. Сурак учурунда эркек киши тергөөчүлөргө газ менен тормоз педалдарын алмаштырып алганын айткан», — деп айтылат билдирүүдө.