Ташкент инвестициялык форуму: Касымалиев Борбор Азияны эң келечектүү аймактардын бири деп атады

17.06.2026 | 14:50
Ташкент инвестициялык форуму: Касымалиев Борбор Азияны эң келечектүү аймактардын бири деп атады — Новости Кыргызстана

«Бүгүнкү күндө Борбор Азия Евразиядагы эң келечектүү аймактардын бирине айланууда». Бул тууралуу бүгүн, 17-июнда, Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ташкент инвестициялык V эл аралык форумунун пленардык жыйынында айтты.

Өз сөзүндө төрага Кыргызстан тоо-кен, энергетика, транспорт жана логистика тармактарында кызматташууга даяр экенин билдирди. Ошондой эле Борбор Азия аймагынын инвестициялык жагымдуулугу жогорулап жатканын белгиледи.

«Бүгүнкү күндө Борбор Азия Евразиядагы эң келечектүү аймактардын бирине айланууда. Ишенимдүүлүктүн, жакшы коңшулаштыктын жана биргелешип өнүгүүнүн жаңы мейкиндиги пайда болууда, бул бүткүл аймактын инвестициялык жагымдуулугун олуттуу жогорулатат»,- деди ал.

Форум Ташкент шаарында өтүп, ага Албаниянын президенти, Азербайжан, Беларусь, Казакстан, Орусия жана Тажикстандын өкмөт башчылары, ошондой эле эл аралык каржы институттарынын өкүлдөрү катышты.

Маалыматка ылайык, форумга 100дөн ашык мамлекеттен 4 миңге жакын чет элдик делегат жана жалпы 8 миңден ашуун катышуучу келген. Анда 42 трлн доллар активи бар компаниялар чогулду. Иш-чаранын алкагында соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланып, инвестициялык келишимдерге кол коюлду.

Scroll to Top