Чыңгыз Айтматовдун унаасы сатыкка чыкты

Чыңгыз Айтматовдун унаасы сатыкка чыкты

“Лалафо” онлайн базарында “Mazda Cronos” үлгүсүндө унаа сатыкка чыкты. Ал жарыяда  белгилүү жазуучу Чыңгыз Айтматовдун унаасы деп жазылган. Reporter.kg  сатуучуга байланышканда, унаа Роза Айтматовага таандык экенин, бирок, аны өз маалында залкар инсан айдап жүргөнүн билдирди.

Анын айтымында, унаа азыр Талас облусунда сатылууда.  Абалы жакшы, 200 миң сомго бааланган.

Жарыяда жазылган маалыматтар боюнча, Жашыл түстөгү “Mazda Cronos” 1992-жылы чыккан. 152 миң чакырым айдалган. Бензин менен жүрөт.

Бул унаанын элдин колуна кантип өтүп кеткени боюнча азырынча так маалымат жок.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>