Бишкектеги Миңжылкыев көчөсү транспорт кыймылы үчүн ачылдыСоода, кызмат көрсөтүү жана ташуу: Кыргызстандагы чакан бизнес эмне менен алектенетКыргызстан ЖККУнун операциясына катышты: 11,4 тонна тыюу салынган зат алындыКыргызстанда чек арадагы радиациялык көзөмөлдү күчөтүү сунушталууда — толугу мененКыргызстандын чакан жана орто бизнеси 1 трлн сом киреше тапты, анын 77%ы Бишкекке туура келетБишкектин башкы планы өзгөртүлдү, бирок так эмне өзгөргөнү белгисиз, деп билдирди Бекешев
Кореяда иштөөнү каалагандар үчүн корей тили боюнча кошумча тест өткөрүлөт
10.08.2026 | 14:34

Ушул жылдын октябрь айында Түштүк Кореяда иштөөнү каалаган жарандар үчүн EPS-TOPIK корей тили боюнча кошумча жалпы тестирлөө өтөт. Бул тууралуу Миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөгө ишке орноштуруу борбору билдирди.
Тестирлөөгө онлайн каттоо 24-августтан 28-августка чейин www.migrant.kg расмий сайтында жүргүзүлөт. Каттоо үчүн маалыматтарды толтуруу жана документтерди электрондук форматта жүктөө зарыл. Тестирлөө өзү 14-октябрдан 17-октябрга чейин өткөрүлөт.
Тестирлөөгө катышуу шарттары:
- 1986-жылдын 25-августунан 2008-жылдын 24-августуна чейин туулган (18 жаштан 39 жашка чейинки) жарандар;
- соттуулугу жок жана кылмыш жоопкерчилигине тартылбаган адамдар;
- Түштүк Кореядан депортацияланбаган же өлкөдөн чыгуу боюнча буйругу жок жарандар;
- Кыргыз Республикасынан чыгууга чектөөсү жоктор;
- корей тилин базалык деңгээлде билгендер.
Тестирлөөгө катышууга төмөнкүдөй чектөөлөр бар:
- түстөрдү ажырата албаган (дальтонизм) жарандарга;
- Кореяда E-9 же E-10 визаларынын негизинде 5 жыл жана андан ашык мөөнөттө жүргөн адамдарга;
- өлкөдөн чыгууга тыюу салынган адамдарга катышууга уруксат берилбейт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом