Жээнбек Кулубаев АКШнын мамкатчысынын жардамчысы менен виза, санкция маселелерин талкуулады

10.08.2026 | 14:56
Жээнбек Кулубаев АКШнын мамкатчысынын жардамчысы менен виза, санкция маселелерин талкуулады — Новости Кыргызстана

Бүгүн, 10-августта, Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысы Пол Капурду кабыл алып, кыргыз-америка кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулады. Бул тууралуу КРдин Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Жолугушууда тараптар санкциялык саясат боюнча өз ара кызматташуу тууралуу сүйлөшүшкөн. Ошондой эле визалык жол-жоболор жана визалык кепилдик төлөмдөрүн киргизүү боюнча маселелерди карашкан.

Пол Капур Кыргызстанды БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 2027–2028-жылдарга туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланышы менен куттуктап, аймактык жана эл аралык маселелер боюнча кызматташууга даярдыгын билдирген.

Эске салсак, буга чейин Самир Пол Капур 5–12-август күндөрү Борбордук Азияга жана Индияга иш сапары менен барары, анын ичинде Кыргызстанга да келери белгилүү болгон.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин Түштүк жана Борбор Азия иштери боюнча бюросунун маалыматында, ал аймактагы соода жана бизнес тармагында кызматташууну илгерилетүү үчүн өкмөт өкүлдөрү жана бизнес лидерлери менен жолугушат.

Scroll to Top