Садыр Жапаров COP17 саммитинде Ысык-Көлдү коргоо боюнча трасттык фонд түзүүнү сунуштадыКыргызстанда чет өлкөлүк номерлүү унаалардын кирүү эрежелери өзгөртүлдү — толук маалыматОш шаарында «Сулайман-Тоо» эл аралык кинофестивалы өтөт2027-жылдан тарта Кыргызстанда сотто өкүлчүлүк кылуу үчүн юристтерге окуудан өтүү талабы коюлатКытай Кореядан озуп кетти: Кыргызстанга эми кайсы унаалар көбүрөөк ташылып жатат?Бактыбек Анаркулов Суу ресурстары кызматынын директору болуп дайындалды
2027-жылдагы ажылыкка каттоо мобилдик тиркеме аркылуу жүргүзүлөт
25.07.2026 | 16:46

2027-жылдагы ажылыкка каттоо «Умра-Ажылык» мобилдик тиркемеси аркылуу бирдиктүү санариптик системада жүргүзүлөт. Бул тууралуу 2027-жылкы умра жана ажылыкты уюштуруу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын жыйынында белгилүү болду.
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын (КМДБ) басма сөз кызматы билдиргендей, жыйындын катышуучулары ыйык сапарга даярдык көрүүнүн негизги уюштуруу маселелерин талкуулашты.
Атап айтканда, зыяратчыларды каттоо тартиби, аларды ташуу үчүн авиакомпанияны тандоо, эмдөөнү уюштуруу, ажылыктын катышуучуларына бирдиктүү кийим (форма) даярдоо, ошондой эле зыяратты өткөрүүгө байланышкан башка маселелер каралды.
КМДБ бирдиктүү санариптик системаны киргизүү каттоо процессин кыйла ыңгайлуу жана ачык-айкын кылуу максатын көздөй турганын белгиледи.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом