Лавров КРСУнун бүтүрүүчүлөрүнө Орусиянын Кыргызстандагы элчиси аркылуу куттуктоо жолдоду

Орусия Федерациясынын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакунов КРСУнун бүтүрүүчү кечесинде Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун куттуктоосун тапшырды. Элчинин айтымында, кечээ Ысык-Көлдүн жээгинде ШКУ өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлеринин кеңешмеси өтүп, анда Лавров бүтүрүүчүлөргө чоң салам жана куттуктоо айтып коюуну өтүнгөн.
Элчи окуп берген кайрылууда Лавров Орусиянын биринчи президенти Борис Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университетинин бүтүрүүчүлөрүнө жылуу саламын жолдоп, окууну ийгиликтүү аякташы менен куттуктаган. Ал бүтүрүүчүлөрдүн алдында кеңири келечек ачылып жатканын, ал эми университетте алган билимдери алардын кесиптик жактан калыптанышына жардам берерин белгилеген. Министр ЖОЖдун профессордук-окутуучулук курамына насаатчылыгы үчүн өзүнчө ыраазычылык билдирген.
Лавров ошондой эле 2012 жана 2019-жылдары университетке келгенин, окутуучулар жана студенттер менен болгон жемиштүү пикир алмашууларын эске салган. Анын айтымында, КРСУ динамикалуу өнүгүүнү улантуу менен Кыргызстандын экономикасынын ар кандай тармактары үчүн жогорку квалификациялуу адистерди даярдап жатат, ошондой эле өлкөлөр ортосундагы илимий-билим берүү жана гуманитардык өз ара аракеттенүүнү чыңдоого салым кошууда.
Министр бүтүрүүчүлөр тандаган жолунда ийгиликтерге жетишип, орус-кыргыз достугун жана кызматташтыгын чыңдоону уланта беришерине ишеним билдирип, аларга ден соолук, бакубатчылык жана ийгилик каалаган.
Буга чейин салтанатта элчи Вакунов өзү да сөз сүйлөп, бүтүрүүчүлөрдү жеке өзүнүн атынан майрамы менен куттуктаган. Ал КРСУну Кыргызстандагы илимдин жана орус-кыргыз гуманитардык кызматташтыгынын флагманы деп атап, бүтүрүүчүлөргө университеттин туусун ар дайым бийик кармап, өзүнүн «алтын уясын» (альма-матер) унутпоону каалады.