Чолпон-Атада ШКУга мүчө өлкөлөрдүн маданият министрлеринин кеңешмеси өттү

19.07.2026 | 13:52
В Чолпон-Ате прошло совещание министров культуры стран ШОС — Новости Кыргызстана

Чолпон-Ата шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин маданият министрлеринин кеңешмеси өттү.

Иш-чарага Кыргызстандын, Россиянын, Өзбекстандын, Казакстандын, Тажикстандын, Пакистандын, Кытайдын, Ирандын, Беларустун жана Индиянын маданият тармагына жооптуу министрликтеринин өкүлдөрү катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар ШКУ алкагындагы маданий кызматташтыкты өнүктүрүү, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана алдыдагы эл аралык иш-чараларды өткөрүү маселелерин талкуулашты.

Маданият министри Мирбек Мамбеталиев өз сөзүндө азыркы глобалдык өзгөрүүлөр шартында маданият элдерди бириктирген маанилүү руханий көпүрө бойдон каларын белгиледи. Анын айтымында, өз ара урматтоого жана маданияттардын ар түрдүүлүгүн таанууга негизделген Шанхай руху макроаймактагы туруктуулуктун, ишенимдин жана тынчтыкта жанаша жашоонун ишенимдүү кепилдиги болуп саналат.

Кеңешмеде кыргыз тарап 2028-жылды ШКУга мүчө өлкөлөрдө Чыңгыз Айтматовдун жылы деп жарыялоону сунуштады. Мирбек Мамбеталиевдин айтымында, бул демилге жыйындын бардык катышуучулары тарабынан колдоо тапты.

Келерки аптада бул маселе акыркы макулдашуу үчүн ШКУга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин кеңешмесинин кароосуна сунушталат.

Теги: ШКУ
Scroll to Top