Reporter.kg КРСУнун эң сүйүктүү факультетине сыйлык тапшырды

«Жаштык Аренада» өткөн КРСУнун бүтүрүүчүлөрүнүн салтанаттуу аземинде Экономика факультетинин деканы Айнура Ишербаева Reporter.kg басылмасынан атайын сыйлык алды. Бул сыйлык факультетке «Университеттин эң сүйүктүү факультети» наамы катары ыйгарылды.
Сыйлыкты Reporter.kg басылмасынын генеральный директору Владимир Банников тапшырды. Ал топтолгон көпчүлүккө кайрылып жатып, бул майрам эң оболу бүтүрүүчүлөрдүкү экенин белгилеп, сөзүн көпкө созбостон, дароо башкы кабарга өттү:
«КРСУдагы ар бир факультет эң мыкты экенин баарыбыз жакшы билебиз, бирок студенттердин тандоосу боюнча 2026-жылы эң сүйүктүү факультет деп Экономика факультети таанылды!» — деди ал. Бүтүндөй зал бул кабарды дуу кол чабуулар менен тосуп алды.

Бул сыйлык Reporter.kg басылмасынын окурмандары, КРСУнун студенттери жана бүтүрүүчүлөрү арасында жүргүзүлгөн добуш берүүнүн жыйынтыгында берилди. Сурамжылоонун натыйжасында Экономика факультети 37,6% добуш топтосо, экинчи орунду 21,6% менен Гуманитардык факультет, ал эми үчүнчү орунду 12,9% добуш менен Эл аралык мамилелер факультети ээледи.
Добуш берүү окуу жайды алдыда күтүп турган масштабдуу кайра уюштуруу иштеринин алкагында өттү: 2026-жылдын 1-сентябрынан тарта КРСУнун жети факультети ирилештирилген үч институттун жана Лев Выготский атындагы Билим берүү академиясынын курамына кирет.