Германияда 130 кыргызстандык менен эмгек келишими мөөнөтүнөн мурда токтотулду

Германиядагы сезондук Ferienjob программасынын алкагында иштеп жаткан 130 Кыргызстандын жараны менен эмгек келишими мөөнөтүнөн мурда токтотулду. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.
Министрликтин маалыматына караганда, мындай чечим ESN компаниясынын буйрутмалары кескин кыскарганына байланыштуу өндүрүштүк зарылчылыктан улам кабыл алынган. Ошондой эле бул чечим кыргызстандык жарандардын кандайдыр бир мыйзам бузуу аракеттерине байланыштуу эместиги белгиленди.
Министрликтин маалыматына ылайык, иш берүүчү 20-июлда эмгек келишимдерин токтотуу тууралуу билдирүү жөнөткөн. Ишке орноштурууну уюштуруу боюнча түзүлгөн келишимде жумуштун мөөнөтү 28ден 90 календардык күнгө чейин каралган жана иш берүүчү аны 28 күнгө чейин бир тараптуу кыскартууга укуктуу. Ушундан улам келишимдин шарттары бузулганы тууралуу маалымат тастыкталган жок.
23-июлга карата 130 жарандын 50гө жакыны башка компанияларга жумушка орноштурулду. Калган жарандарды ишке орноштуруу иштери уланууда. Учурда 80ге жакын кыргызстандык Бремен шаарында болсо, калгандары Германиянын башка аймактарына жумушка орношкон же жакын арада жөнөп кетүүгө даярданып жатышат.
Социалдык тармактарда айрым жарандар жумушсуз жана турак жайсыз калганы тууралуу маалымат тарагандан кийин Кыргызстандын Германиядагы элчилиги жана Жарандарды чет өлкөгө ишке орноштуруу борбору текшерүү жүргүзгөн. Алар жарандар, Samara Academy компаниясынын өкүлдөрү жана Германиядагы иш берүүчү менен байланышкан.
Жеринде кырдаалды баалоо, жарандардын жашоо шарттарын текшерүү, эмгек акынын төлөнүшүн көзөмөлдөө жана консулдук жардам көрсөтүү максатында Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев жана консул Талант Нажимудинов 23-июлда Берлинден Бремен шаарына барышты. Консулдук кызматкерлер ошондой эле иш берүүчүлөр жана жарандар менен жолугушууларды өткөрүп жатышат.
Министрлик элчилик жана Жарандарды чет өлкөгө ишке орноштуруу борбору кырдаал толук жөнгө салынганга чейин ишти координациялоону улантарын билдирди. Ошондой эле жарандар расмий маалымат булактарына гана ишенип, такталбаган маалыматтарды таратпоого чакырылды.