1-сентябрдан тарта КР МСК электрондук эсеп-фактуралар системасынын пилоттук долбоорун ишке киргизет

25.07.2026 | 10:45
1-сентябрдан тарта КР МСК электрондук эсеп-фактуралар системасынын пилоттук долбоорун ишке киргизет — Новости Кыргызстана

Салыктык башкарууну санариптик трансформациялоо боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруунун алкагында Мамлекеттик салык кызматы (МСК) «2.0 электрондук эсеп-фактуралар» жаңы маалыматтык системасын киргизүү боюнча пилоттук долбоорду ишке ашырат, деп билдирет мекеменин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, пилоттук долбоор 1-сентябрда башталып, алты айга созулат. Ал электрондук документ жүгүртүү жана товарларды эсепке алуунун заманбап механизмдерин бириктирген жаңы санариптик платформаны сынап көрүүгө багытталган.

Долбоордун максаты — жаңы системанын бизнес-процесстерин сыноодон өткөрүү, анын функционалдык мүмкүнчүлүктөрүн текшерүү, туруктуу иштешин камсыз кылуу, ошондой эле программалык камсыздоону жана ченемдик базаны мындан ары өркүндөтүү үчүн бизнес өкүлдөрүнөн сунуштарды жана эскертүүлөрдү чогултуу.

Пилоттук долбоорду ишке ашыруу мезгилинде ЭЭФ 2.0 (электрондук эсеп-фактура) системасында жол-жоболоштурулган документтер салыктык башкаруу үчүн колдонулбайт жана катышуучулардын салыктык милдеттенмелерине таасирин тийгизбейт. Алар системаны тестирлөө, анын функционалын өркүндөтүү жана мындан ары толук киргизүүгө даярдык көрүү үчүн гана арналган.

Колдонуудагы «Электрондук эсеп-фактура» системасы кадимки режимде иштөөсүн улантат, ал эми салыктык максаттар үчүн ЭЭФти жол-жоболоштуруу тартиби пилоттук долбоор аяктаганга чейин өзгөрүүсүз калат.
Scroll to Top