Өзгөндө аялды сабоо: шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди

Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери администратор аялды сабоого шектелген 30 жаштагы жаранды кармашты. Бул тууралуу Reporter.kg басылмасына Ош ОИИБдин басма сөз кызматынын улук инспектору Нур-Пери Абдуллаева билдирди.
Эскерте кетсек, 2026-жылдын 22-июлунда Өзгөн РИИБге Дөң-Булак айылындагы дүкөндө мас абалдагы адамдардын катышуусундагы жаңжал тууралуу маалымат түшкөн.

Текшерүүнүн жүрүшүндө 21-июлдан 22-июлга караган түнү саат 02:20 чамасында кафелердин биринде эки эркек киши спирт ичимдиктерин ичкени аныкталган. Милициянын маалыматына караганда, алар эсеп төлөөдөн баш тартып, чыр чыгарып, мекеменин администратору 1984-жылы туулган А. К. аттуу аялды сабап, денесине жаракат келтириришкен.
Бул факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 131-беренеси («Ден соолукка анча оор эмес зыян келтирүү») менен кылмыш иши козголгон.
Тергөө уланууда.
Анара Мамытова