Садыр Жапаров Андраш Баканы Мажарстандын президенти болуп шайланышы менен куттуктадыТИМ: Түндүк Кипрде кол салуудан жабыркаган кыргызстандыктын абалы оорЧүйдө 3 миң тонна балыкты кайра иштетүүчү завод ишке киретКытай кино аркылуу Кыргызстанга эмнелерди айтып бергиси келет13-август: өлкөнүн айрым аймактарында жаан жаайтКурумду чокусунда дайынсыз жоголгон альпинисттерге таандык болушу ыктымал аркандар табылды
Коронавирусту бийликтегилер ойлоп тапкан деп маалымат тараткан адам кармалды
25.03.2020 | 10:07
Ош облусунун Араван районунда коронавирусту бийликтегилер атайын ойлоп тапкан деп жалган маалымат тараткан 37 жаштагы адам кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирет.
Ал ооруга каршы вакцина бар экен, аны сайдырбагыла деген жалган маалыматтарды тараткан. Кармалган соң жалган маалыматка ишенип, аны тараткандыгын мойнуна алып, жалпы элден кечирим сурады.
Анын ишине юридикалык баа берилет.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жалган маалымат тараткандар мыйзам чегинде жоопко тартыларын эскертет.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар