Чүйдө 3 миң тонна балыкты кайра иштетүүчү завод ишке кирет

13.08.2026 | 09:49
Чүйдө 3 миң тонна балыкты кайра иштетүүчү завод ишке кирет — Новости Кыргызстана

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы «Салих Аква» балык чарба комплекси жылына 5 миң тонна балык тоютун өндүрөт. Учурда комплекс кубаттуулугу жылына 3 миң тонна болгон балыкты терең кайра иштетүүчү заводду ишке киргизүүгө даярдык көрүүдө. Бул тууралуу КРдин Айыл чарба министрлиги билдирди.

Айыл чарба министри Эрлист Акунбеков аталган комплекске барып, ишкананын ишмердүүлүгү менен таанышкан.

Мекеменин маалыматында, комплекс икра инкубациялоону, чабактарды өстүрүүнү, асыл тукум жана товардык балык чарбасын жүргүзөт. Жаңы ишке киргизиле турган завод компаниянын өзүнүн балыгын гана эмес, өлкөдөгү башка чарбалардын продукциясын да кайра иштетүүгө ылайыкталат.

Мындан тышкары, ишкана аймактарда долбоорлору ишке ашырууда. Алардын бири – Курпсай суу сактагычындагы форель өстүрүүчү садок чарбасы. Анын өндүрүшүн 2030-жылга чейин жылына 5 миң тоннага жеткирүү пландалууда. Ошондой эле Сузак районунда жылына 270 тонна балык өндүрүүчү осетр чарбасы иш алып барат.

Министрлик бул долбоорлор президенттин жарлыгынын алкагында товардык өндүрүштү жогорулатуу, импортту алмаштыруу жана экспорттук потенциалды өнүктүрүү максатында ишке ашырылып жатканын кошумчалады.

Scroll to Top