ТИМ: Түндүк Кипрде кол салуудан жабыркаган кыргызстандыктын абалы оор

Түндүк Кипрдеги кол салуунун кесепетинен жабыркаган Кыргызстандын жаранынын абалы туруктуу оор бойдон калууда. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинен (ТИМ) билдиришти.
Дарылоочу дарыгердин маалыматына ылайык, жабырлануучу маал-маалы менен өзүнө келип, дарыгерлердин көзөмөлүндө болууда. Маалым болгондой, кыргызстандыктын жакын тууганы Кипрге барып, учурда анын жанында жана дарылануу маалында тийиштүү колдоо көрсөтүүдө.
Кыргызстандын элчилиги жабырлануучунун туугандары, дарыгерлер жана кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен тыгыз байланышта болууну улантууда.
ТИМ ошондой эле кол салган адам да өзүнө келгенин билдирди. Учурда тергөө иштери жүрүп, ага карата бөгөт коюу чарасын кароо маселеси чечилүүдө. Министрлик менен элчилик кырдаалды көзөмөлдө кармоону улантууда.
Эскерте кетсек, 2026-жылдын 3-августунда Лефкоша шаарындагы супермаркеттердин биринде кол салуу болуп, анын кесепетинен кыргызстандык аял бычактан жаракат алган. Жабырлануучу тез арада ооруканага жаткырылып, ага операция жасалган. Бир нече күндөн кийин экинчи жолу операция жасалган.