Бишкекте BTS, Backstreet Boys жана Дженнифер Лопестин концерттери өтүшү мүмкүнСадыр Жапаров Арменияга расмий сапар менен баратОш облусунда зыяндуу чегирткелердин кыштоочу жайлары аныкталуудаМанасчы Мамбет Чокмор уулунун 130 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өтөтКыргызстанда мотоциклдерди, мопеддерди жана скутерлерди мыйзамдаштыруу пландалуудаЖогорку окуу жайларга кышкы кабыл алуу үчүн ЖРТга каттоо башталды
13-август: өлкөнүн айрым аймактарында жаан жаайт
13.08.2026 | 09:00

Бүгүн, 13-августта, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндүү аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.
- Чүй облусунда түнкүсүн 17…22°C, күндүз 34…39°C;
- Талас облусунда түнкүсүн 14…19°C, күндүз 32…37°C;
- Ош облусунда түнкүсүн 20…25°C, күндүз 34…39°C;
- Жалал-Абад облусунда түнкүсүн 20…25°C, күндүз 34…39°C;
- Баткен облусунда түнкүсүн 20…25°C, күндүз 34…39°C;
- Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 12…17°C, күндүз 20…25°C;
- Нарын облусунда түнкүсүн 10…15°C, күндүз 23…28°C болот;
- Бишкек шаарында абанын температурасы түнкүсүн 20…22°C, күндүз 35…37°C болот.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: аба ырайы