Жоголгон альпинисттерди издөө: куткаруучулар кесипкөй дронду ишке тартышат

Оштон Сары-Ташка генератор, бензин, аккумуляторлор жана азык-түлүк жүктөлгөн унаа жолго чыкты. Ал жактан аны базалык лагерге жабдууларды жеткирүүгө жардам бере турган ыктыярчы-альпинисттер тосуп алышты, деп билдиришет жоголгондордун жакындары.
«Батареялар текшерилип, генератор иштетилди. Кечинде отряд маршрут башталган чекитке жол тартты. Учуу бийиктиги боюнча чектөөнү алып салууга мүмкүн болду. Буга чейин дрон учуп чыккан жеринен 1500 метрге гана көтөрүлө алчу. Эми чектөө жок», — деп айтылат маалыматта.
Алардын айтымында, дрон кар жаабаган ачык аралыктарда гана иштейт, анткени аба ырайы дагы деле негизги тоскоолдук жаратуучу фактор бойдон калууда.
«Ар бир учуу — бул болжол менен 30 гигабайт видео. Жазууларды пульттун кичинекей экранынан эмес, штабда кылдат карап чыгуу үчүн, оператор кечкисин тартылган материалдарды спутниктик байланыш аркылуу жөнөтүп турат. Бул иш менен алектенүүгө даяр адамдар бар. Швейцариялык гид Дамиан үч жолу учуу жасап, тоо боорунун төмөнкү бөлүгүн карап чыкты, ошондой эле дрон менен кырка бойлой 5000 метр бийиктикке чейин барды. Ал өйдө чыгуучу кырды жана ылдый түшүүчү тилкенин жогорку бөлүгүн толугу менен текшерип чыкты. Эч кандай из табылган жок», — деп жазышат издөөнү уюштуруучулар.
Эскерте кетсек, Кыргызстандын тоолорунда альпинисттер тобу жоголгон, алардын курамында Беларустун эки жараны жана Литванын бир жараны бар.
9-августта Беларустун ОНТ телеканалы билдиргендей, топ 6 614 метр бийиктиктеги Курумду чокусуна чыккандан кийин байланышка чыкпай калган. КР ӨКМи 9-августта тоолордо, болжол менен 5 000 метр бийиктикте альпинисттердин чатыры табылганын, бирок ал бош болуп чыкканын билдирген.
Курумду чокусунун бийиктиги 6 613 - 6 614 метрди түзөт, ал Ош облусунун Чоң-Алай районунда жайгашкан. Бул аймак тик капталдары, мөңгүлөрү жана татаал бийик тоолуу рельефи менен өзгөчөлөнөт.
Курумду чокусуна чыгуу эң жогорку татаалдык категориясына кирет жана Памир-Алай аймагындагы техникалык жактан эң татаал жана кооптуу экспедициялардын бири болуп саналат. Узак убакыт бою бул чокуга адамдар аз барган бойдон калып келген.
Курумду чокусуна биринчи ийгиликтүү чыгуу бир нече ийгиликсиз аракеттерден кийин 2001-жылы ишке ашкан. Чоку жайгашкан аймакка альпинисттер сейрек барышат, анткени болжол менен 60 чакырым батыш тарапта жайгашкан Ленин чокусу альпинизмдин негизги борбору бойдон калууда.
Анара Мамытова