КР Министрлер кабинети алюминий сыныктарын, анын ичинде ЕАЭБге чыгарууга тыюу салууну сунуштоодо

12.10.2026 | 13:25
КР Министрлер кабинети алюминий сыныктарын, анын ичинде ЕАЭБге чыгарууга тыюу салууну сунуштоодо — Новости Кыргызстана

Кыргызстанда алюминий калдыктарын жана сыныктарын (ломун) сыртка чыгарууга алты айлык мөөнөткө тыюу салуу сунушталууда. Министрлер кабинетинин тиешелүү токтом долбоорун Экономика жана коммерция министрлиги даярдады.

Документке ылайык, чектөө ЕАЭБдин ТЭИ ТН 7602 00 товардык позициясына кирген алюминий сыныктары менен калдыктарына тиешелүү болот. Тыюу салуу ЕАЭБге мүчө мамлекеттерге да, башка өлкөлөргө да карата колдонулат.

Негиздеме-маалымкатта демилгенин башкы максаты — ата мекендик кайра иштетүүчү ишканаларды чийки зат менен камсыз кылуу, өндүрүштүк кубаттуулуктарды көбөйтүү жана ички рынокто алюминий сыныктарынын таңсыктыгын алдын алуу экендиги айтылат.

Экономика министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстанда алюминий чийки затынын ири көлөмүн кайра иштетүүгө жөндөмдүү ишканалар иштеп жатат.

Атап айтканда, «Стилекс» ЖЧКсы 2026-жылы алюминий профилдерин чыгарууну, порошок менен боёочу линияны жана куюу заводун ишке киргизген. Ишкананын алюминий чийки затын кайра иштетүү боюнча кубаттуулугу жылына 14,4 миң тоннага чейин жетет.

Дагы бир ишкана — 2023-жылдын ноябрынан бери иштеп келе жаткан «Идра Платформ» жылына 12 миң тоннага чейин продукция чыгарууга кудуреттүү. Бирок, документте белгиленгендей, чийки заттын жетишсиздигинен улам анын кубаттуулугу толук пайдаланылбай келет.

Маалымкатта келтирилген статистикага ылайык, өлкөдөн жыл сайын болжол менен 2,5–2,8 миң тонна алюминий калдыктары жана сыныктары экспорттолот.

2023-жылы экспорттун көлөмү 2 767,7 тоннаны, 2024-жылы — 2 489,4 тоннаны, ал эми 2025-жылы — 2 699,5 тоннаны түзгөн. 2026-жылдын алгачкы алты айында эле Кыргызстан 1 769,1 тонна алюминий сыныктарын сыртка чыгарган. Экспорттолгон негизги багыттар Орусия, Өзбекстан жана Түркия болду. Ошол эле учурда жеткирүүлөрдүн 40,4%ы ЕАЭБ өлкөлөрүнө, ал эми 59,6%ы башка мамлекеттерге туура келген.

Экономика министрлиги Кыргызстанга алюминий сыныктарын импорттоо дээрлик жок экенин белгилейт. Андыктан чийки затты мындан ары сыртка чыгаруу ата мекендик ишканалардын мүмкүнчүлүктөрүн чектейт.

Долбоордо токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кириши, ал эми тыюу салуунун өзү дагы үч күндөн кийин иштей башташы каралган. Чектөөнүн мөөнөтү алты айды түзөт.

Экономика жана коммерция министрлиги тыюу салуу киргизилгендиги тууралуу Дүйнөлүк соода уюмуна жана Евразия экономикалык комиссиясына, ал эми

Тышкы иштер министрлиги КМШнын Аткаруу комитетине кабарлашы керек болот.

Анара Мамытова

Scroll to Top