КР Билим берүү министрлиги пенсия курагындагы мугалимдерди эмне күтүп жатканын түшүндүрдүКыргызстандыктарга Казакстанга кирүү үчүн уруксат талап кылынат — жаңы эрежелерКыргызстанда ИИМдин жаңы имараттары ачылып, милициянын автопаркы жаңыландыБишкекте 18 жаштагы кыз 15 кабаттуу үйдүн терезесинен кулап түштүПольшанын премьери орусиялык боттор тууралуу билдирди, ал эми оппозиция өкмөттүн отставкасын талап кылуудаBinance хакердик чабуулдан кийин колдонуучулардын чыгымдарынын 90%ын жапканын билдирди
Токмокто улгайган аялды өлтүрүүгө шектелип 28 жаштагы эркек киши кармалды
12.10.2026 | 14:01

Токмок шаарында 73 жаштагы аялдын өлүмүнө шектелип 28 жаштагы И.А. аттуу эркек киши кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 25-сентябрында саат 18:10 чамасында Токмок милициясынын нөөмөт бөлүмүнө Жантаев көчөсүндөгү үйдөн аялдын сөөгү табылганы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерди кароо учурунда маркумдун денесинде зомбулуктун белгилери бар экени аныкталган.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Адам өлтүрүү» беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү 11-октябрда кармалып, Токмок шаардык ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда кылмыш иши боюнча тергөө уланууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар
Теги: Токмок