Айпери Медет кызы Астанадагы Дүйнө чемпионатында коло байге үчүн күрөшөтЭксперт: Кыргызстан бир нече жыл бою Россиядан күйүүчү май албай калышы мүмкүнКанат Эшатов: Кыргызстанда күйүүчү майдын чекене баалары жыл аягына чейин өзгөрбөйтКыргызстан менен Катардын ортосунда Ишкерлер кеңеши түзүлөтСариев: Кыргызстан менен Казакстандын соодасы өсүүдө, бирок чек арадагы көйгөйлөр чечиле элек«Жети-Өгүз» санаторийин реконструкциялоо иштери 2027-жылдын жазында бүтөт
Жогорку Кеңештин депутаттары каникулга тарады – видео
29.06.2023 | 17:00
Бүгүн, 29-июнда Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын экинчи сессиясы аяктады.
Акыркы иш күнүндө депутаттар 50дөн ашык мыйзам долбоорлорун жана парламенттин токтомдорун кабыл алышты.
Жыйында төрага Нурланбек Шакиев парламенттин 75 жыйыны (2 кезексиз) өткөрүлүп, 220 мыйзам долбоору, 1394 токтом кабыл алынып, Башкы прокурордун, Улуттук банктын жетекчилеринин, Эсеп палатасынын, Акыйкатчынын жана башкалардын отчеттору угулганын билдирди.
Депутаттар каникулга чыгышты, алар сентябрда ишин улантат. Ага чейин алар кезексиз жыйындарга чогула алышат.
Сессия Кыргызстандын гимни менен аяктады.
Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом