Кыргызстанда 93 соода борбору иштейт, алардын дээрлик жарымы БишкектеКооптуу азыктар: Кыргызстанда тобокелдиктерди баалоонун жаңы эрежелери иштелип чыктыСузактык ишкер айым жеңилдетилген насыяга кампа куруп, кара өрүк экспорттойтКыргызстандын базарларында соода орду канча турат – Улутстаткомдун маалыматыКыргызстанда боор алмаштыруу операциясын мамлекеттин эсебинен каржылоо сунушталуудаТабылды Коомбаев — пастель, поэзия жана «Сезимдеги толгонуу» көргөзмөсү жөнүндө
КРдан 180 зыяратчы Мединага ажылыкка жөнөп кетти
11.05.2026 | 09:49
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы (КМДБ) билдиргендей, кыргызстандык 180 зыяратчыдан турган алгачкы топ ажылык парзын өтөө үчүн Медина шаарына жөнөп кетти.
Муфтий Абдулазиз Закиров зыяратчыларды тартипти бекем сактоого жана топ жетекчилеринин (ажы башчылардын) көрсөтмөлөрүн так аткарууга чакырды.
Маалым болгондой, каттам Ош аэропортунан учкан. Зыяратчыларды узатууга муфтияттын өкүлдөрү, диний ишмерлер жана Сауд Арабиясынын Кыргызстандагы элчиси Ияд бин Гази Хаким келишти.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом