Өлкө боюнча облус, район жана шаар башчылары эл менен жолугушууларды өткөрөт – график

11.05.2026 | 10:19

Бүгүн, 11-майдан тарта Кыргызстан боюнча облус башчылары, акимдер, мэрлер жана башка жетекчилер жергиликтүү калк менне жолугушууларды өткөрө баштайт. Иш-чара өлкө башчы Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде өткөрүлөт.

Садыр Жапаровдун айтымында, анын буга чейин жарандар менен жолугушууларында айтылган маселелердин 80%ы облустук, райондук деңгээлде чечиле турган маселелер болгон.

“Менин тапшырмам менен облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүм баш болуп, облустук деңгээлдеги прокуратура, ички иштер, өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү жана башка мекеме жетекчилери ушул бекитилген графикке ылайык, ар бир айыл өкмөттү кыдырып, жеринде жолугушууларды өткөрүп, элдин көйгөйлүү маселелерин карашат”,- деп билдирди өлкө башчы өзүнүн соцтармагында.

Эл менен жолугушуулар бекитилген график боюнча май-июнь айларында өтөт. График менен бул шилтемеден таанышууга болот.

Мындан тышкары жарандар менен жолугушуулар борбор калаа Бишкекте жана Ош шаарында өткөрүлөт.

11-майда тарта Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин шаар тургундары менен ачык форматтагы жолугушууларды өткөрүп, анда шаардык инфраструктураны өнүктүрүү, муниципалдык кызматтардын иши жана тургундардын сунуштары боюнча маселелер талкууланат. Жолугушуулардын графиги:

Свердлов району:

  • 11-май күнү саат 16:00дө жолугушуу Кыргыз-Россия Славян университетинде (КРСУ) өтөт. Дареги: Киев көчөсү, 44.
  • 12-май күнү саат 16:00дө Ч. Айтматов атындагы лицейде болот. Дареги: Широкая көчөсү, 1а.

Биринчи Май району:

  • 13-май күнү саат 16:00дө райондун жашоочулары менен жолугушуу М. Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинде өтөт. Дареги: Тоголок Молдо көчөсү, 58.
  • 14-май күнү саат 16:00дө жолугушуу «Сейтек» балдар жана өспүрүмдөр улуттук борборунда болот. Дареги: Т. Абдумомунов көчөсү, 197.

Ленин району:

  • 15-май күнү саат 16:00дө жолугушуу К. Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинде өтөт. Дареги: Ч. Айтматов проспектиси, 24.
  • 16-май күнү саат 16:00дө жолугушуулар Кыргыз улуттук университетинде уланат. Дареги: Фрунзе көчөсү, 547.

Октябрь району:

  • 18-май күнү саат 16:00дө райондун тургундары мэр менен «Таберик» залында жолуга алышат. Дареги: Байтик Баатыр көчөсү, 17.
  • 19-май күнү саат 16:00дө жолугушуу «Ала-Тоо» эл аралык университетинде өтөт. Дареги: Анкара көчөсү, 1/8.

Ошондой эле Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев да 11-майдан тарта шаар тургундары менен жолугушууларды өткөрө баштайт. Иш-чаралар 7 аймактык жана айыл аймактык башкармалыктарда төмөнкү графикке ылайык өткөрүлөт:

Scroll to Top