«Ата-Бейит» мемориалдык комплексин өнүктүрүү боюнча ачык сынак жарыяланды

Кыргызстандын Маданият министрлиги «Ата-Бейит» мемориалдык комплексин көрктөндүрүү жана инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча архитектуралык концепцияга ачык сынак жарыялады.
Сынактын максаты — мемориалдын тарыхый маанисин сактоо, аймакты көрктөндүрүү, келүүчүлөр жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн шарттарды түзүү, ошондой эле транспорттук жана инженердик инфраструктураны жакшыртуу болуп саналат.
Сынакка архитекторлор, шаар куруу уюмдары, инженерлер, дизайнерлер, илимий мекемелер жана чыгармачыл топтор катыша алышат. Катышуучулар төмөнкү документтерди тапшырышы керек:
- архитектуралык концепция жана аймактын башкы планы;
- объекттердин эскиздери жана визуалдык материалдар;
- долбоордун болжолдуу наркы жана этап-этабы менен ишке ашыруу планы;
- кесиптик квалификацияны тастыктаган документтер.
Сунушталган долбоорлор тарыхый шайкештиги, функционалдуулугу, коопсуздугу жана экономикалык негиздүүлүгү боюнча бааланат. Жеңүүчүлөрдү атайын комиссия аныктайт, ал эми сыйлоо фонду менен шарттары өзүнчө жобо менен бекитилет.
Документтер 2026-жылдын 27-октябрынан 27-ноябрына чейин кабыл алынат.
Дареги: Бишкек шаары, Чүй проспектиси, 441. Электрондук дарек: [email protected].