Дагы бир талапкер: Азамат Эсенбеков президенттикке өзүн-өзү көрсөтүү боюнча БШКга арыз бердиУнаалардын жүргөн жолун өзгөрткөндөргө айып пул салуу боюнча мыйзам долбоору кайра иштеп чыгууга жөнөтүлдү«Ата-Бейит» мемориалдык комплексин өнүктүрүү боюнча ачык сынак жарыяландыКРде чет өлкөлүк компанияларга эсеп ачууга 200 миң сомдук жыйым сунушталдыОшто акча алмаштыруу жайдын ээсин бычактаган жаран өмүр бою эркинен ажыратылдыӨзбекстанда Apple Pay жана Google Pay төлөм кызматтарын кошуу башталды
Ошто акча алмаштыруу жайдын ээсин бычактаган жаран өмүр бою эркинен ажыратылды
27.10.2026 | 16:23

Ош шаарындагы акча алмаштыруу жайдын ээсин бычактап өлтүрүүгө күнөөлүү деп табылган Өзгөн районунун 38 жаштагы тургуну өмүр бою эркинен ажыратылды. Мындай өкүмдү Ош шаардык соту 28-сентябрда чыгарган. Бул тууралуу Ош облустук сотунун басма сөз кызматы билдирди.
Сот ошондой эле күнөөлүү жарандын мүлкүн конфискациялоо чечимин чыгарган. Учурда соттун өкүмү мыйзамдуу күчүнө кире электиги айтылды
Каргашалуу окуя ушул жылдын 24-майында Ош шаарынын Амир-Темир көчөсүндө болгон. Беткапчан адам акча алмаштыруу жайына кирип, 34 жаштагы ишкерге бычак менен 28 жолу сокку урган. Жабырлануучу алган жаракатынан улам ооруканада көз жумган.
Милиция шектүүнү окуя болгон жерден кармап, андан уурдалган 37 миң 500 сом жана маркумдун эки уюлдук телефондорун алган.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар