Кыргызстанда Голливуддун катышуусунда тартыла турган тасманын сценарийи даяр болдуКыргызстан Пакистанга төө буурчак экспорттоону караштыруудаКыргызстанда Голливуддун катышуусунда тартыла турган тасманын сценарийи даяр болдуЛенинград блокадасынын башталышына 85 жыл: Бишкекте митинг-реквием өттүБишкекте үч эм жарык дүйнөгө келдиЖайлоодогу Голливуд: Дон «Ажыдаар» Уилсон, Бай Лин жана Кыргызстанда тартыла турган тасмалардын жашыруун сценарийлери
Кримтөбөл “Дөө-Чыңгыз” кармалды
15.07.2022 | 09:36
Бишкек шаарынын аймагында 15-июлда уюшкан кылшмыштуу топтун мүчөсү “Дөө-Чыңгыз” каймана аттуу Чынгыз Жумагулов кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, кармоо кылмыштуу топту уюштуруу, ошондой эле жеке ишкердик менен алектенген адамдардан системалуу түрдө өзгөчө ири өлчөмдө акча талап кылуу фактысы боюнча колдо болгон материалдардын алкагында жүргүзүлгөн.
“Буга байланыштуу Ж.Ч.нын мыйзамсыз аракеттеринен жабыркаган жарандар УКМК органдарына 0312640475 ишеним телефону аркылуу кайрылыңыз”, – деп айтылат маалыматта.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом