Үчүнчү өлкөлөргө кара металлды экспорттого тыюу салуу сунушталды

Үчүнчү өлкөлөргө кара металлды экспорттого тыюу салуу сунушталды

Министрлер кабинети Кыргызстандан Евразия экономикалык биримдигинин бажы аймагынан тышкары кайра эритүү үчүн кара металлдардын сыныктарын, калдыктарын жана куймаларын экспорттого тыюу салууну сунуштоодо. Токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды.

Экономика жана коммерция министрлиги документ күчүнө кирген күндөн тартып үч күндөн кечиктирбестен Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна жана Евразия экономикалык комиссиясына мораторийдин киргизилгендиги жөнүндө белгиленген тартипте билдирүүгө милдеттүү экендиги көрсөтүлгөн.

Тышкы иштер министрлигине КМШнын Аткаруу комитетине билдирүү тапшырылды. Бажы кызматы жана УКМКнын Чек ара кызматы кара металлды мыйзамсыз алып чыгууга бөгөт коюу боюнча зарыл чараларды көрсүн.

Тыюу салуу алты айлык мөөнөткө киргизүү сунушталууда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>