Бишкекте ӨКМдин кызматкерлери пара талап кылууга шектелип кармалдыМаданият министрлиги архитектуралык эстеликтерди бузууга 10 жылга тыюу салууну сунуштады — мыйзам долбооруЖК Төрагасы бала бакчалардын коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурууга чакырдыКыргызгидрометтин аткаминерлери мамлекеттик бюджетке 16 млн сом зыян келтиришти — Башкы прокуратураКР Министрлер кабинетинин башчысы Ысык-Көл облусунун маанилүү иш-чараларга даярдыгын текшердиWildberries жабыркаган сатуучуларга компенсация төлөй баштады
Кримтөбөл “Дөө-Чыңгыз” кармалды
15.07.2022 | 09:36
Бишкек шаарынын аймагында 15-июлда уюшкан кылшмыштуу топтун мүчөсү “Дөө-Чыңгыз” каймана аттуу Чынгыз Жумагулов кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, кармоо кылмыштуу топту уюштуруу, ошондой эле жеке ишкердик менен алектенген адамдардан системалуу түрдө өзгөчө ири өлчөмдө акча талап кылуу фактысы боюнча колдо болгон материалдардын алкагында жүргүзүлгөн.
“Буга байланыштуу Ж.Ч.нын мыйзамсыз аракеттеринен жабыркаган жарандар УКМК органдарына 0312640475 ишеним телефону аркылуу кайрылыңыз”, – деп айтылат маалыматта.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом