Бишкекте тактикалык страйкбол боюнча ATG 2026 эл аралык турнири өттүМинистрлер Кабинети 2027-жылы 33 млрд сомдон ашык насыя тартууну пландоодоЧүй облусунда 110 млн сомдук муздаткыч комплекси ишке берилдиШакиранын концерти Кыргызстандын экономикасына $30 млн алып келиши мүмкүн — КубатовКыргызстанда жыл башынан бери 93 мыйзамсыз таштанды жайы жабылдыКыргызстанда үч жылда баалар дээрлик 22% кымбатташы мүмкүн
Таластагы Эгемендүүлүк майрамында Arash, Fly Project, K-Maro, Nana жана Кайрат Нуртас ырдайт
07.09.2026 | 10:38

11-сентябрда Талас шаарынын Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгы белгиленет. Чыңгыз Айтматов атындагы аянтында өтө турган салтанатка өлкө башчы Садыр Жапаров катышат.
Талас облустук өкүлчүлүгү маалымдагандай, анын алкагында концерт, дрон-шоу жана фейерверк уюштурулат. Иш-чарага Кыргызстандын жана чет өлкөлүк эстрада аткаруучулары катышат. Чакырылган коноктордун катарында Arash, Fly Project, K-Maro, Nana, Hi-Fi, Согдиана жана Кайрат Нуртас бар.
Майрамдык программа саат 19:00дө башталат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: Талас, Эгемендүүлүк күнү