Кримтөбөлдүн унаасын сатып алган жаран каракталган. Издөөдө жүргөн шектүү кармалды

Кримтөбөлдүн унаасын сатып алган жаран каракталган. Издөөдө жүргөн шектүү кармалды

Бишкекте каракчылыкка шектелип, издөөдө жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, 2022-жылдын август айында Медеров менен 7-апрель көчөлөрүнүн кесилишиндеги «Роснефть» май куюучу жайында белгисиз адамдар «Мерседес-Бенц G400» (Гелендваген) унаасынын ээсине күч колдонуп, Гелендвагенди тартып алышкан. Алар бул унааны тартып алганынын себеби болгон. Анткени аталган унаа мурда бир кримтөбөлгө таандык болуп, бирок кийинчерээк башка адамдарга сатылып кеткен. ИИМ сөз кайсы кримтөбөл тууралуу болуп жатканын тактап айткан жок.

Бул факты боюнча Бишкектин Октябрь райондук милициясы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси (каракчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Бул кылмышка шектүү катары милиция 3 адамды, арадан бир нече ай өткөндөн кийин төртүнчү шектүүнү кармаган. Кармалган 4 адам тең мурда соттолгондор. Уурдалган унаа ошол эле жылдын август айында табылып, ээсине кайтарылган.

Бул иш боюнча шектүүлөр сот тарабынан камакка алынган. Кийинчерээк кылмыш иштин материалдары сотко жөнөтүлүп, иш сотто карала баштаган. Бирок соттук отурумда айыпталуучулардын айрымдарынын бөгөт чарасы өзгөртүлүп, үй камагына чыгарылган. Алардын бири (1995-жылы туулган Н.Ж. уулу) үй камагынын шарттарын бузуп, соттон качып кеткен. Мындан улам ага издөө жарыяланган.

Издөөдө жүргөн жаран 8-октябрда Бишкектеги кафелердин биринен колго түшүрүлгөн.

«Кармалган жаран мурда бир нече жолу оор кылмыштар үчүн соттолгон: анын ичинде каракчылык, адам өлтүрүүгө аракет кылуу, ок атуучу куралды мыйзамсыз сактоо. Ал криминалдык идеологияны карманат жана кылмыш дүйнөсү менен тыгыз байланышта», — деп билдирет ИИМ.

Учурда соттун чечими менен жаран Н.Ж.уулу №1 тергөө абагына камакка алынган.

«Гелендваген» унаасын тартып алышкан. Төртүнчү шектүү кармалды

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: ИИМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>