Кыргызстанда камсыздандыруу компаниялары жарым жылда 5,6 млрд сом чогултуп, 1 млрд сомдон ашык төлөп бериштиАлтын баасынын өйдө-төмөнү. Жыл башынан бери алтындын баасы кандай өзгөрдүАкыйкатчынын кийлигишүүсүнөн кийин беш балага алимент төлөбөгөн атага кылмыш иши козголдуКР Министрлер кабинети ГСМдин азыркы бааларын адилетсиз деп эсептейт — Данияр АмангелдиевДүйнөлүк көчмөндөр оюндарына арналган «Тайган жарыш» күмүш монетасы жүгүртүүгө чыктыАмангелдиев: КР Министрлер кабинети 2026–2027-жылдарга бааларды ооздуктоо планын даярдады
КТЖнын мурдагы башчысы Василий Дашков үй камагына чыкты
19.05.2021 | 17:48
«Кыргыз Темир Жолу» ишканасынын мурдагы башкы директору Василий Дашков үй камагына чыкты. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 18-майда өткөн сот отурумунда прокурордун келтирген өтүнүчү канааттандырылып, сот Дашковту 18-июлга чейин үй камагына чыгаран.
Белгилей кетсек, кечээ, 18-майда Дашков коррупцияга шектелип кармалып, УКМКга жеткирилген.
Дашков «Кыргыз темир жолу» ишканасында 2006-жылдан бери иштеп келет. 2020-жылдын апрелинде ал компаниянын жетекчиси болгон. Ушул жылдын март айынын аягында Дашков «Кыргыз темир жолу» ишканасынын директору кызматынан бошотулган.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар