ДКО жана ШКУ саммити: Бишкек жана Ысык-Көлдө кайсы жолдор жабылары айтылдыБишкектеги Улуттук тарых музейинде Кытайдын байыркы искусствосунун көргөзмөсү ачылдыКыргызстанда 2027–2031-жылдарга карата фискалдык саясаттын долбоору жактырылдыТалас шаарындагы жаңыланып жаткан К. Нуржанов аллеясы Эгемендүүлүк күнүндө расмий ачылат«ММ Стиль» ЖЧКсы Бишкек мэриясынын «кара тизмесине» киргизилди — себептериАбактагы акын Аскат Жетиген 19-августта эркиндикке чыгат
Кубанычбек Жумалиевдин балдары бошотулду. Сыймык Жапыкеев нааразы
02.02.2021 | 13:52
Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиевдин балдары абактан чыкты. Бул тууралуу Финансы полициясынын жетекчиси Сыймык Жапыкеев “Фейсбук” баракчасына жазды.
“Башкача кетип баратат… Финполду эл колдойт, Финпол элге иштейт.
Жумалиев 100 млн. сом жана инвестордун 800 миң долларын бир күндө өкмөткө коём, балдарымды чыгарып бер дегенинен биз аз, андан көбүрөөк болсун деп болбой койсок. Биринчи Май райондук соту чыгарып салды. Бюджетке бир тыйын төлөгөн жок. Балдары камактан чыгып кетти. Достор, Финпол женилип калабызбы?”, – деп жазган Жапыкеев.
Белгилей кетсек, буга чейин Финансы полициясы депутат Жумалиевдин 2 баласын ири көлөмдө алдамчылыкка айыптап камакка алган.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат