Кулубаев Тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды

23.04.2022 | 09:34

Жээнбек Кулубаев Тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгону тууралуу маалымат өлкө башчынын расмий сайтына жарыяланды.

Ал буга чейин 2021-жылдын август айынан бери президенттин администрациясында тышкы саясат бөлүмүн жетектеп келген.

Өмүр баяны:

Жээнбек Кулубаев 1963-жылы Ысык-Көл облусунда төрөлгөн. Жогорку билимдүү.

Эмгек жолу:

1992-1996-жылдары Тышкы иштер министрлигинде бир катар дипломаттык кызматтарды аркалаган;

1996-1998-жылдары Тышкы иштер министрлигинин Азия жана Африкадагы башкармалыгынын жетекчиси;

1998-2000-жылдары Кыргыз өлкөсүнүн Кытайдагы элчилигинде кеңешчи;

2001-2003-жылдары Тышкы иштер министрлигинин Азия жана Африкадагы башкармалыгынын жетекчиси;

2003-2004-жылдары тышкы иштер министринин орун басары;

2004-2006-жылдары Шанхай кызматташтык уюмунун Пекин шаарындагы аткаруучу секретарынын орун басары;

2006-2007-жылдары Тышкы иштер министрлигинин эл аралык экономикалык кызматташтык департаментинин директору, өзгөчө тапшырмадагы элчи;

2007-2009-жылдары Кыргыз өлкөсүнүн Малайзиядагы элчиси;

2009-2013-жылдары Кыргыз өлкөсүнүн Кытайдагы элчиси;

2010-2013-жылдары Кыргыз өлкөсүнүн Сингапур жана Монголиядагы элчиси ;

2013-2016-жылдары Тышкы иштер министрлигинин Азия жана Африкадагы департаментинин директору;

2016-2018-жылдары Тышкы иштер министрлигинин 4 саясий департаментинин директору;

2018-2021-жылдары Кыргыз өлкөсүнүн Казакстандагы элчиси;

2021-2022- жылдары президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы.

Scroll to Top