logo
press@reporter.kg
  • facebook
  • odnoklassniki
  • twitter
  • instagram
  • telegram

Кум шекер менен майга болгон бааны мамлекет жөнгө салат

Кум шекер менен майга болгон бааны мамлекет жөнгө салат

Социалдык жактан маанилүү тамак-аш продуктуларынын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында социалдык жактан маанилүү товарлардын айрым түрлөрүнө карай бааларды убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилди. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.

Максималдуу үстөктү белгилөө менен төмөнкү социалдык жактан маанилүү тамак-аш продуктуларына 90 календардык күндүк колдонуу мөөнөтү менен бааларды убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилди:
1) өсүмдүк күн карама майы;
2) кум шекер.

Экономика жана финансы министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигине Өкмөттүн 2009-жылдын 22-апрелиндеги № 242 токтому менен бекитилген Социалдык жактан маанилүү товарларга бааларды мамлекеттик жөнгө салуу тартибине ылайык, аталган тамак-аш продуктуларына бааларды мамлекеттик жөнгө салуу боюнча чараларды көрүүсү тапшырылган.

Экономика жана финансы министрлигине кабыл алынган чечим тууралуу Евразия экономикалык комиссиясын жана Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерди белгиленген тартипте кабарлоосу тапшырылган.

Чечимге премьер-министр Улукбек Марипов тарабынан кол коюлган жана ал расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>