Кумтөрдө алгачкы жолу Кызыл китепке кирген аюу байкалды

Кумтөр кенинин аймагында алгачкы жолу Кыргызстандын Кызыл китебине киргизилген күрөң аюунун сейрек кездешүүчү түрчөсү — ак тырмактуу Теңир-Тоолук аюу катталды.
Адистердин айтымында, сейрек кездешүүчү жырткычтын пайда болушу Кумтөр кенинин концессиялык аймагында жаныбарлардын жашоосу үчүн ыңгайлуу шарттар бар экенин көрсөтөт.
Сарычат-Эрташ мамлекеттик жаратылыш коругунун маалыматына ылайык, коруктун аймагында ак тырмактуу Теңир-Тоолук аюунун саны 17 башты түзөт. Ушуга байланыштуу анын Кумтөр аймагында пайда болушу адистер үчүн өзгөчө кызыгууну жаратууда.
Ак тырмактуу Теңир-Тоолук аюу мамлекеттин коргоосунда турат жана ага аңчылык кылууга катуу тыюу салынган.
Кумтөрдүн басма сөз кызматы билдиргендей, буга чейин кен жайгашкан аймакта көп жылдык тыныгуудан кийин кайрадан ак куулар байкалган. Мындан тышкары, жакында кенге жакын жайгашкан Соок ашуусунун аймагында Кыргызстанда алгачкы жолу дүйнөдөгү эң сейрек кездешүүчү турналардын бири болгон кара моюн турна катталган.