Бишкекте биринчи кезекте кайсы жерлердеги балкондор демонтаждалары тууралуу мэрия айтып берди

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы Reporter.kg’ге билдиргендей, 2026-жылы балкондорду демонтаждоо иштери борбордук көчөлөрдө, тактап айтканда, Байтик Баатыр көчөсүндө, Чүй жана Айтматов проспектилеринде жүргүзүлөт.
Эскерте кетсек, борбор калаада белгиленген талаптарды бузуу менен мыйзамсыз курулган балкондорду бузуу (демонтаждоо) иштери уланууда.
Муниципалитеттен билдиришкендей, буга чейин тиешелүү кызматтар менен биргеликте текшерүүлөр жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө балкондорду өз билемдик менен реконструкциялоо жана имараттардын тышкы көрүнүшүнө карата коюлган талаптарды бузуу фактылары аныкталган. Объектилердин ээлерине мыйзамда белгиленген тартипте тиешелүү эскертмелер (көрсөтмөлөр) берилген.
Бийлик өкүлдөрү батир ээлери жашаган жеринде жок болгондугуна байланыштуу айрым балкондор азырынча демонтаждала электигин белгилешти. Иштерди алардын катышуусусуз жүргүзүү мүмкүн болбогондуктан, айрым даректер боюнча демонтаждоо убактылуу кийинкиге жылдырылды.
Басма сөз кызматы эскерткендей, Бишкек шаардык кеңешинин (БШК) 2024-жылдын 14-майындагы №134 токтому менен бекитилген Бишкек шаарынын аймагында маалыматтык жана көрнөк-жарнак конструкцияларын жайгаштыруу жана пайдалануу эрежелерине, ошондой эле имараттардын фасаддарынын тышкы көрүнүшүнө коюлган талаптарга ылайык, балкондорду жана лоджияларды өз билемдик менен айнектөөгө, алардын өлчөмдөрүн, архитектуралык көрүнүшүн, түсүн жана имараттын бекитилген тышкы көрүнүшүн бузган фасаддын башка элементтерин өзгөртүүгө жол берилбейт.
Ошондой эле балкондорду жана лоджияларды уруксатсыз реконструкциялоого, эшик-терезе оюктарынын, тосмолордун формасын өзгөртүүгө жана фасаддарды фрагменттүү (бөлүп-бөлүп) сырдоого же каптоого тыюу салынат.