Депутат электробустарды сатып алуунун максатка ылайыктуулугуна күмөн санап, мэрия жооп берди

02.06.2026 | 13:50
Жылдыз Садырбаева

Жогорку Кеңеште Ош шаары үчүн электробустарды сатып алууга насыя тартуу боюнча макулдашуунун долбоору талкууланып жатканда депутат Жылдыз Садырбаева мындай чечимдин экономикалык жактан натыйжалуулугуна күмөн санап, эмне үчүн бийлик троллейбустардын ордуна электробустарды тандап жатканын сурады.

Анын айтымында, троллейбустар узак мөөнөт кызмат кылат жана келечекте азыраак чыгымдарды талап кылат.

«Троллейбустар кеминде 30 жыл иштейт, ал эми электробустардын тартуучу батареяларынын иштөө мөөнөтү болжол менен 6–8 жылды түзөт. Алардын алмаштырылышы жана андан кийинки утилдештирилиши олуттуу каражаттарды талап кылат. Мындан тышкары, троллейбустар жол катмарына азыраак зыян келтирет жана контакттык тармактын эсебинен дээрлик сутка бою иштей алат. Ошондуктан мындай тандоонун экономикалык негиздүүлүгү боюнча суроо жаралат», — деди депутат.

Парламентарийдин суроолоруна Бишкек шаарынын вице-мэри Рамиз Алиев жооп берди. Анын айтымында, борбор калаа үчүн сатылып алынган бир электробустун баасы болжол менен 218 миң долларды түзгөн. Учурда Бишкекте кондиционерлер менен жабдылган 120 электробус каттайт.

Алиев белгилегендей, электробустарга өтүү чечими «Таза асман» программасын ишке ашыруу жана троллейбустук инфраструктуранын техникалык абалы менен байланыштуу.

«Бүгүнкү күндө бир электробусту кубаттоого болжол менен 732 сом кетет жана ал 4–6 сааттын ичинде кубатталат. Ал эми батареяларга келсек, келишимдин шарттарына ылайык алардын биринчи алмаштыруусу жеткирүүчү тарабынан жүргүзүлөт. Белгиленген мөөнөт бүткөндөн кийин жеткирүүчү батареяларды утилдештирип, жаңыларын орнотууга милдеттүү», — деп түшүндүрдү ал.

Өз кезегинде депутат батареяларды экинчи жана андан кийинки жолу алмаштыруу, ошондой эле аларды утилдештирүү чыгымдары баары бир мамлекеттин бюджетинен төлөнөрүн белгиледи.

Scroll to Top