«Кумтөр Голд Компани» компаниясынын Теңиз Бөлтүрүк убактылуу сырткы башкаруучусу болуп дайындалды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин билдиришти.
Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койгон.
Белгилей кетсек, бүгүн, 17-майда Жогорку Кеңеш «Кумтөр Голд Компани» ачык акционердик коомунун убактылуу сырткы башкарууга өткөрүүнү колдогон.
Буга чейин Теңиз Бөлтүрүк «Кумтөр Голд» компаниясынын директорлор кеӊешинин мүчөсү болуп иштеген.