Кыргызстан менен Пакистан соттолгон адамдарды жазасын мекенинде өтөө үчүн өткөрүп беришет

Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы соттолгон адамдарды өткөрүп берүү жөнүндөгү макулдашуу күчүнө кирди. Эми эки өлкөнүн жарандары жазасын андан ары өз жарандыгы бар мамлекетте өтөө үчүн которуу тууралуу өтүнүч менен кайрыла алышат.
Макулдашууга 2025-жылдын 4-декабрында Исламабад шаарында президент Садыр Жапаровдун Пакистанга болгон расмий сапарынын алкагында кол коюлган.
Документ эки өлкөнүн ортосунда соттолгондорду өткөрүп берүү үчүн укуктук негиз түзөт. Мындай механизм соттолгондордун укуктарын жакшыраак коргоого, алардын үй-бүлөлүк жана социалдык байланыштарын сактоого, ошондой эле алардын кийинчерээк социалдык реинтеграциясына (коомго аралашуусуна) өбөлгө түзөт.
Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, учурда Кыргызстандын жаза аткаруу тутумунун мекемелеринде Пакистандын 18 жараны жазасын өтөп жатат. Макулдашуу күчүнө киргенден кийин алар мекенине которуу өтүнүчү менен кайрылууга укук алышты. Мында ар бир арыз эки өлкөнүн мыйзамдарына ылайык Кыргызстандын жана Пакистандын компетенттүү органдары тарабынан жеке тартипте каралат.
Башкы прокуратурадан белгилешкендей, макулдашууну даярдоо, пакистандык тарап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жана аны ратификациялоо жол-жоболорун коштоо мекеме тарабынан өз ыйгарым укуктарынын алкагында ишке ашырылды.