Акыйкатчынын кийлигишүүсүнөн кийин чет өлкөлүк жаранга мыйзамсыз салынган айып пул жокко чыгарылды

14.07.2026 | 10:59
Акыйкатчынын кийлигишүүсүнөн кийин чет өлкөлүк жаранга мыйзамсыз салынган айып пул жокко чыгарылды — Новости Кыргызстана

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаеванын кийлигишүүсүнүн натыйжасында Эстониянын жараны Андри Юджиндин бузулган укуктары кыска мөөнөттө калыбына келтирилди. Бул тууралуу Акыйкатчы институту билдирди.

Маалыматка ылайык, июнь айынын башында Андри Юджин өз укуктарын коргоону өтүнүп акыйкатчыга кайрылган. Ал 2026-жылдын 21-апрелинде «Ак-Жол» көзөмөл-өткөрүү пункту аркылуу Кыргызстандан чыгып бара жатканда мамлекеттик чек арадан өткөрүлбөй, чыгуу визасын тариздөө талап кылынганын билдирген.

Анын айтымында, ал Кыргызстанда визасыз жүрүү тартибин бузган эмес. Бирок мамлекеттик органдар анын өлкөдө жүргөн мөөнөтүн туура эмес эсептеп, чек арадан өткөрүүдөн баш тартышкан.

Мындан тышкары, 24-апрелде Бишкек ШИИБи аны Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 431-беренесинин негизинде административдик жоопкерчиликке тартып, 10 миң сом айып пул салган.

Мунун кесепетинен Андри Юджин Бишкекте дагы тогуз күнгө калууга аргасыз болуп, айып пулду төлөп, электрондук чыгуу визасын алуу үчүн кошумча 9 миң сом чыгым тарткан. Ошондой эле анын маалыматтары миграциялык мыйзамдарды бузгандардын реестрине киргизилип калышы мүмкүн деген кооптонуу болгон.

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева бул иш боюнча Башкы прокуратурага кайрылып, чет өлкөлүк жаранды административдик жоопкерчиликке тартуунун мыйзамдуулугун текшерүүнү өтүнгөн.

Текшерүүнүн жыйынтыгында Башкы прокуратура Андри Юджин Кыргызстандын миграциялык мыйзамдарын бузбаганын аныктаган. Натыйжада аны административдик жоопкерчиликке тартуу жөнүндө токтом жокко чыгарылып, мамлекет чек арадан өткөрбөй койгон чечим негизсиз деп табылган. Ошондой эле чет өлкөлүк жаранга төлөгөн 10 миң сом айып пулду кайтарып берүү милдеттендирилген.

Scroll to Top