Самаркандда Жээнбек Кулубаев менен АКШнын мамкатчысы Марко Рубио жолугуштуКыргызстанда кыймылсыз мүлктү каттоону кечиктиргендиги үчүн туум киргизүү сунушталуудаОш шаарындагы эски базардын ордуна эс алуу жайы жана туристтик шаарча курулатЫсык-Көл облусунда миң гектардан ашык кунарсыз жайытка үрөн себиле баштадыЭки оркестр, эки өлкө: Бишкекте кыргыз-швейцар марш-парады өттүКыргызстанда өзгөчө айкалыштагы унаа номерлеринин сертификатын кайра каттоо онлайн форматка өттү
Ош облусунда 8 миңден ашык суур жана 20 ондатра катталды
08.07.2026 | 12:12

Ош облусунда жапайы жаныбарларды жазгы эсептөө иштери аяктады. Жаратылыш ресурстары министрлигинин маалыматы боюнча, адистер 8 миңден ашык суурду жана 20 ондатраны каттоого алышты.
Эсептөө иштерин министрликтин Ош регионалдык башкармалыгы жүргүздү. Адистер бекитилген каттамдарды изилдеп, жаныбарлардын саны боюнча маалыматтарды чогултушту жана алардын жашоо чөйрөсүнүн абалына баа беришти.
Байкоолордун жыйынтыгында жапайы жаныбарлардын арасында жугуштуу оорулардын белгилери аныкталган жок.
Министрликтен белгилешкендей, эсептөө иштерине аңчылык чарбаларынын пайдалануучулары, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын, мамлекеттик коруктардын жана жаратылыш парктарынын кызматкерлери да катышты.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: минприроды