Кыргызстандын Минкаб башчысы өлкөгө КММди үзгүлтүксүз жеткирүүнү камсыз кылууну тапшырды

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 13-июлда өлкөнүн ички рыногун мунай продуктулары менен камсыз кылуу маселелери боюнча жумушчу кеңешменин жүрүшүндө аларды үзгүлтүксүз жеткирүүнү камсыз кылууну, мониторингди күчөтүүнү жана өз убагында зарыл чараларды көрүүнү тапшырды.
«Күйүүчү-майлоочу материалдар рыногундагы учурдагы кырдаал, мунай продуктуларын жеткирүү жана зарыл болгон запастарды түзүү маселелери каралды», — деп билдиришти Минкабдын басма сөз кызматынан.
Эскерте кетсек, республиканын май куюучу жайларында жогорку октандуу бензиндин тартыштыгы байкалууда. Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясы муну пландалган оңдоо иштерине жана тышкы факторлорго байланыштуу россиялык мунай иштетүүчү заводдордон продукция жөнөтүүнүн кыскарышы менен түшүндүрүүдө.
Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу материалдардын (КММ) тартыштыгына жол бербөө үчүн бардык күч-аракетин жумшоого убада берди.