Автобус сүзүп кеткен баланын өлүмү: Автобус базасынын механиктерине айып пул салынды

14.07.2026 | 10:32
Автобус сүзүп кеткен баланын өлүмү: Автобус базасынын механиктерине айып пул салынды — Новости Кыргызстана

Пландан тышкаркы текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча автобус базасынын эки көзөмөлдөөчү механигине карата укук бузуулар жөнүндө протоколдор түзүлдү. Айып пулдун жалпы суммасы 56 миң сомду түздү, деп билдирди Бишкек шаардык МККБнын (Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын) басма сөз кызматы.

Автобустардын техникалык абалын, айдоочулук күбөлүктөрүнүн бар экендигин жана жарактуулугун, ошондой эле жол баракчаларын текшерүүгө жооптуу болгон көзөмөлдөөчү механиктер өз кызматтык милдеттерин тийиштүү деңгээлде аткарган эместиги аныкталган.

МККБнын маалыматына ылайык, алар каттам алдындагы милдеттүү текшерүүнүн ордуна мөөрлөрдү гана басып, автобустардын каттамга чыгуусуна уруксат берип келишкен.

Ошондой эле МККБ кызматкерлери айдоочулар менен жол кыймылынын эрежелерин (ЖКЭ) так сактоо зарылчылыгы тууралуу алдын алуу маектерин өткөрүп, алардын айдоочулук күбөлүктөрүнүн жарактуулугун текшеришти.

Эскерте кетсек, жол кырсыгы 13-июль күнү эртең менен Рыскулов көчөсү менен Жаш Гвардия бульварынын кесилишинде болгон. №34 автобустун айдоочусу жөө адамдар өтүүчү өтмөктөн жолду кесип өтүп бара жаткан баланы сүзүп кеткен. Бала жандандыруу (реанимация) бөлүмүндө каза болгон. Кырсыктын фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, айдоочу кармалган.

Ошондой эле, 1977-жылы туулган М. Б. аттуу автобустун айдоочусу 2026-жылдын 23-январында Ленин райондук сотунун токтомунун негизинде мас абалында унаа башкарганы үчүн айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылганы, бирок ал бул фактыны жумуш берүүчүсүнөн жашырып, жүргүнчүлөрдү ташууну улантып келгени белгилүү болду. Бул тууралуу Reporter.kg сайтына МККБнын басма сөз кызматынын инспектору Надырбек Жусупов билдирди.

Scroll to Top