Чүй облусунун таштандыларын кайра иштетүү үчүн Бишкекке ташуу сунушталууда

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде Чүй облусундагы таштанды төгүүчү жайлардан катуу тиричилик калдыктарын кайра иштетүү үчүн Бишкектин таштанды кайра иштетүүчү заводуна ташуу мүмкүнчүлүгү талкууланды. Жыйынга президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын кызматкерлери, райондук администрация башчылары (акимдер), айыл өкмөттөрүнүн жана аймактагы шаар мэрияларынын жетекчилери, ошондой эле аталган заводдун жана Бишкек санитардык полигонунун өкүлдөрү катышты.
Бишкек таштанды кайра иштетүүчү заводу 2028–2029-жылдарга карата өндүрүмдүүлүгүн суткасына 3000 тоннага чейин көбөйтүүнү пландаштырууда — бул азыркы 1300–1500 тонналык көрсөткүчтөн дээрлик эки эсе көп. Мындан тышкары, завод таштандыны кайра иштетүү менен бирге электр энергиясын да өндүрөт — анын орнотулган генерациялык кубаттуулугу 30 МВт жакынды түзөт.
Катышуучулар Чүйдөгү таштанды жайларынын учурдагы абалын — чогулган калдыктардын көлөмү менен курамын, ошондой эле сунушталып жаткан схеманын өзүн талкуулашты. Анын ичинде кайра жүктөө базасын уюштуруу, логистика, таштандыны чыгаруу жана жайгаштыруу тарифтери, андан ары сорттоо жана максималдуу түрдө кайра иштетүү маселелери каралды. Өзгөчө көңүл бул демилгенин ишке ашуусуна түздөн-түз таасир этүүчү жагдайга бурулду: жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мындай логистикага каражаты жетеби жана облустун алыскы райондорунан таштандыны Бишкектеги заводго ташуу экономикалык жактан канчалык акталат деген суроо көтөрүлдү.
Эгерде бул система ийгиликтүү жолго коюлса, министрлик башаламан таштанды жайлары кыскарат, айыл чарба жерлери бошотулуп, өз багыты боюнча пайдаланылат, калктуу конуштардын санитардык-экологиялык абалы жакшырат жана таштандылардын айлана-чөйрөгө тийгизген терс таасири азаят деп күтүүдө.
Мындан тышкары, министрлик катышуучуларга таштандыларды башкаруу жаатындагы жаңы ченемдик укуктук актылар тууралуу маалымат берди. Алардын негизгиси — Кыргызстанда алгач ирет кабыл алынган катуу тиричилик калдыктарынын полигондорун долбоорлоо, эксплуатациялоо жана рекультивациялоо боюнча техникалык ченем болуп саналат (өкмөттүн 2026-жылдын 7-августундагы № 525 токтому). Бул ченем башаламан таштанды жайларын акырындык менен толугу менен жоюуну көздөйт: эми калдыктарды жайгаштыруучу жаңы жайлар курулуш нормаларына жана техникалык регламенттерге ылайык, расмий «полигон» макамы берилип, атайын долбоорлор боюнча гана салынууга тийиш. Министрлик өз ыйгарым укуктарынын чегинде өлкөдө башаламан таштанды талааларын азайтууга мамлекеттик колдоо көрсөтүүгө жана стимул берүүгө даяр экенин билдирди.