Эсептөө палатасы Кыргызстандын 2025-жылга бюджетин аткаруудагы кемчиликтерди аныктады

Кыргызстандын Эсептөө палатасы 2025-жылга карата республикалык бюджеттин аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгын чыгарып, аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча Министрлер кабинетине, Финансы министрлигине жана мамлекеттик органдарга сунуштамаларды жөнөттү. Бул тууралуу Reporter.kg порталына мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.
Анын маалыматы боюнча, борбордоштурулган бухгалтердик эсептин автоматташтырылган маалыматтык системасын (АМС) толук кандуу киргизбөө көйгөйлөрдүн бири бойдон калууда.
«Бүгүнкү күндө ага мекемелердин 71 пайызы кошулган. Эсептөө палатасы бул процессти аягына чыгаруу керектигин белгиледи. Ошондой эле аудиттин жүрүшүндө бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү жана ички резервдерди пайдалануу мүмкүнчүлүктөрү бааланды», — деп айтылат маалыматта.
Тоо-кен тармагындагы салык мыйзамдарын андан ары өркүндөтүү, салык чендерин (ставкаларын) өз убагында кайра карап чыгуу жана тармактагы ишканалардын милдеттүү төлөмдөрүн толук которуу аркылуу бюджетке кошумча түшүүлөрдү камсыз кылууга боло турганы белгиленет.
Аудиторлор мамлекеттик карызга жана финансылык активдерди башкарууга өзгөчө көңүл бурушту. Мекеме финансылык милдеттенмелерди оптималдаштыруу, баалуу кагаздарды чыгарууда бюджеттик чыгымдарды кыскартуу жана акциялардын мамлекеттик пакеттерин эсепке алууну тартипке келтирүү зарылдыгын белгиледи.
Мындан тышкары, текшерүүнүн жүрүшүндө өткөн мезгилдер үчүн айрым карыздар такталып, алар тиешелүү баланста калыбына келтирилди.
Финансылык тартипти бекемдөө үчүн Эсептөө палатасы капиталдык салымдарды жана бюджеттик насыяларды (кредиттерди) бөлүүдө казыналык системанын ролун жогорулатууну, ошондой эле мамлекеттик колдоо чараларынын негиздүүлүгүн кошумча талдоону сунуштады.
Аудиторлор ошондой эле мамлекеттик органдарда кассалык пландаштырууну жакшыртуу жана бөлүнгөн каражаттарды, анын ичинде корголгон социалдык беренелер боюнча толук жана натыйжалуу өздөштүрүүнү камсыз кылуу зарылдыгын көрсөтүштү.
Аудиттин жыйынтыгы боюнча аныкталган кемчиликтерди жоюу, бюджеттик мыйзамдарды сактоо жана бюджеттик каражаттарды пайдалануунун айкындуулугун жогорулатуу боюнча тиешелүү жазма буйруктар жана сунуштамалар Министрлер кабинетине, Финансы министрлигине жана башка мамлекеттик органдарга жөнөтүлдү.
Анара Мамытова