Депутатыкка талапкер добуш сатып алууга айыпталып кармалды

Депутатыкка талапкер добуш сатып алууга айыпталып кармалды

Аталган факты боюнча Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан  Кылмыш-жаза кодексинин 196-беренесинин (добуштарды сатып алуу) негизинде козголгон кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүрүүдө. Бул туурасында Бишкек шаарынын Свердлов райондук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 7-февралда Бишкек шаарынын милициясына ЖАМКнын кызматкерлери тарабынан 2022-жылдын 27-февралына дайындалган Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоо боюнча шайлоо өнөктүгүнө байланыштуу ыкчам маалымат берилген. Анда №29 Свердлов бир мандаттуу округунда белгисиз адамдар шайлоочулардын добушун алуу максатында, добуштарды сатып алуу жана материалдык жактан кызыктыруу жолу менен жеке талапкерге үгүт иштерин жүргүзүп жатышат деген кабар келген.

2022-жылдын 21-февралында жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө жарандар С.Л. жана депутаттыкка талапкер А. Муртазалиевдин пайдасына добуштарды сатып алуу максатында өз ыктыяры менен 4 бирдик өлчөмүндө «дүмүрчөктөрдү», А4 форматындагы 7 барактагы шайлоочулардын тизмелерин, ошондой эле 210 000 сом өлчөмүндөгү акча каражаттары табылган.

Учурда сотко чейинки тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>