Көчмөндөр оюндарында салбуурун боюнча жеңүүчүлөр аныкталдыШакира «Бишкек Аренада» концерт берет — Президенттин иш башкаруучусуКыргызстандын курамасы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында көкпар боюнча финалда 7:2 эсебинде жеңишке жеттиКыргызстан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында көк бөрү боюнча финалда 12:0 эсебинде жеңүүчү болдуУлуттук банктын башчысы Кыргызстанда санарип сом кантип киргизилип жатканын айтып бердиЫңгайлуу жылуу аба ырайы жана жаан-чачынсыз: 6-сентябрга карата аба ырайы
Курман айт 31-июлда белгиленет
21.07.2020 | 16:40
Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы Курман айтты 31-июлга белгиледи. Бул тууралуу Муфтияттын басма сөз кызматы кабарлайт.
“22-июль Зул Хижжа айынын биринчи күнү болгондуктан 30-июль арапа күнү, 31-июль Курман айт майрамы”, – деп жазылат маалыматта.
Курман айт мусулмандардын ири майрамы болуп саналат. Аны белгилөө күнү айдын чыгышына карап аныкталат.
Жыл сайын Курман айт майрамына жакын ажылык сапар башталчуу. Бирок быйыл пандемиядан улам Сауд Арабиясынын ажы жана умра иштери боюнча министри жагдай жөнгө салынмайынча ажылыкка камынгандарды сапарга ашыкпай турууга чакырган. Бул жылы ажылык сапар 28-июлда башталып, 2-августка чейин уланмак.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом