Кыргызстанда 95 млн долларга калдыктарды кайра иштетүүчү комплекс куруу пландалуудаАдылбек Касымалиев Бишкектин Чыгыш айланма жолунун курулушун текшердиКыргызстан Кытайдын литий гиганты Ganfeng Lithium менен кызматташуу меморандумуна кол койдуКыргызстандын Айыл чарба министрлигинин кызматкерлери Кореяда «акылдуу» дыйканчылык боюнча окуудан өтүштү«ВКонтакте» Кыргызстанда салык төлөй баштадыБишкекте жыл башынан бери автобустар катышкан 521 жол кырсыгы катталды
Эксклюзив
«Эки дисциплинада тең алтын»: Баяман Ниязов көк бөрү жана көкпардагы тактика тууралуу
03.09.2026 | 10:27

Жылдыздуу кыргыз чабендестерин көк бөрү жана көкпар боюнча эки өзүнчө командага бөлүштүрүү чечими эки турнирде тең жеңишке жетүү үчүн ойлонулган стратегиялык кадам болду. Бул тууралуу белгилүү спортчу Баяман Ниязов билдирди.
Бул тактиканын алкагында Кыяз Ниязов көк бөрү боюнча таймаштарда өлкөнүн намысын коргосо, Манас Ниязов көкпар боюнча курамды жетектеп чыкты.
Баяман Ниязовдун айтымында, күчтөрдү туура бөлүштүрүү Кыргызстандын курама командасына эки фронтто тең жогорку сыйлыктар үчүн күрөшүүгө мүмкүндүк берет. Команда эки айга созулган талыкпаган машыгуулардан кийин эң жогорку спорт формасында келди, ал эми тулпарлар чет элдик күчтүү атаандаштар менен боло турган катаал беттештерге толук даярдалды.
Теги: ВИК