Кыргызстан Борбор Азиянын климаттык стратегиясынын катчылыгын Бишкекте жайгаштырууну сунуштадыМинфин менен АӨБ 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында долбоорлордун ишке ашырылышын талкууладыКүн күркүрөп, жаан жаап, шамал күчөйт: 23-августка карата аба ырайыТаласта «Баластан» балдар борборунун курулушу 90% аяктадыКөчмөндөр оюндарына билет жетпей калган сатып алуучуларга акчасы кайтарылатБишкекте Көчмөндөр оюндарынын ачылыш репетициясына байланыштуу 22-августта жол кыймылы чектелет
Курман айтта кандай мал союлушу керек?
23.07.2020 | 16:03
Кыргызстанда Курман айт майрамы 31-июлда белгиленет. Бул күнү колунда бар адамдар курмандык чалып, муктаждарга таратуусу керек.
Мусулмандардын дин башкармалыгынын билдирүүсүнө ылайык, курмандыкка бодо малдар тактап айтканда төө, уй жана койлор жарайт. Жапайы кийик, аркар-кулжа жана элик сыяктуулар курмандыкка жарабайт. Ошондой эле жылкы да курмандыкка чалынбайт.
Уйлардын катарына топоз, койлордун катарына эчки кирет. Төөнүн жашы беш жаштан өйдө болушу керек. Уйлар эки жаштан ашыш керек. Кой менен эчки бир жаштан өйдө болуусу керек. Эгер койдун козусу олбурлуу болсо алты айлыктан жогоруусу жарайт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом